Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде жер титиреди

Автор

Кыргызстандын чек арасына жакын жерде Казакстандын аймагында 1-апрелде болжол менен саат 12:14тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу коңшу Казакстандын аймагында орун алган: Жамбыл айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Мерке шаарынан түштүктү карай 30 чакырым, Кара-Балта шаарынан түштүк-чыгышты карай 58 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышты карай 118 чакырым.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев: “Мамлекеттин бир сомун дагы жедирбейм”

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “7-каналга” маек куруп, анда өлкөдө коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолгон. Маекти өзгөртүүсүз келтиребиз: — Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы? Акыркы үч жылда Сиз жетектеген Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик казынага 20 миллиард сомдон ашык сумманы түшүргөндүгүңүздөр айтылды. Бул акчалар […]

Сизге жагышы мүмкүн