Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры «Төлгө» спектакли менен сезонду жабат. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-июнда 97-театр сезонун Жалил Садыковдун калемине таандык Назым Мендебаиров сахналаштырган “Төлгө” спектакли менен жабат.
Театр 98-театр сезонун ушул жылдын сентябрь айында салтанаттуу түрдө ачат.
Бей Июн 6 , 2024
Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшада өтө турган Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдештер 17-24-июнь күндөрү Варшава шаарында өтөт. Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси: 60 кг – Жоламан Шаршенбеков; 67 кг – […]