Кыргыз балбандары Польшадагы эл аралык турнирге катышат

Автор

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшада өтө турган Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештер 17-24-июнь күндөрү Варшава шаарында өтөт.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
60 кг – Жоламан Шаршенбеков;
67 кг – Амантур Исмаилов;
67 кг – Раззак Бейшекеев;
77 кг – Акжол Махмудов;
97 кг – Үзүр Жузупбеков;
— башкы машыктыруучу – Азат Эркимбаев;
— улук машыктыруучу – Улукбек Карачолоков.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
59 кг – Калмира Билимбек кызы;
62 кг – Айсулуу Тыныбекова;
68 кг – Мээрим Жуманазарова;
76 кг – Айпери Медет кызы;
— башкы машыктыруучу – Нурбек Изабеков.

Бөлүшүү:
Next Post

Европарламентке шайлоо башталат

Евробиримдиктин (ЕБ) 27 өлкөсүндөгү шайлоочулар европалык саясаттагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртө турган шайлоолорго добуш беришет. 6-июндан баштап добуш берүү укугу бар 373 миллионго жакын европалык Европарламенттин 720 мүчөсүн шайлоо үчүн добуш берүүгө барат. Бейшемби күнү Нидерландия, жума күнү Ирландия менен Мальта, ишембиде Латвия менен Словакия добуш берет. Евробиримдиктин көптөгөн өлкөлөрүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн