Кыргыз балбандары Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 9 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Атырау шаарында өтүп жаткан “Oil Capital Cup 2024” эл аралык мелдешинде жалпы 9 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен экөө алтын, үчөө күмүш жана төртөө коло медаль.
Алсак, Акыл Сулайманов (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү болушту.
Адилхан Нурланбеков (72 кг), Нурманбет Райымалы уулу (97 кг) жана Эрлан Манатбаев (130 кг) 2-орунду ээлешти.
Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Ырыскелди Хамзаев (72 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Мелис Айтбеков (97 кг) коло медалга ээ болушту.
Курама команда улук машыктыруучулар Арсен Эралиев жана Улукбек Карачолоковдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого ЖМКларды аккредитациялоо башталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алууну баштады. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоону өткөрүүдө эфир убактысына жана басма аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка […]

Сизге жагышы мүмкүн