Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Венгрияда Polyák Imre & Varga János Memorial атындагы рейтингдик турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 6-9-июнда Будапешт шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Алмаз Сманбеков (57 кг);
Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг);
Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
Улукбек Жолдошбеков (65 кг);
Алибек Осмонов (65 кг);
Орозобек Токтомамбетов (74 кг);
— башкы машыктыруучу – Русланбек Маджидинов;
— улук машыктыруучу – Сүймөнкул Таабалды уулу.