Кыргыз баатырынын көгүлтүр экрандагы тагдыры

Автор

Орусияда Мендеш Өмүралиев жөнүндө кино тартылат. Ал Улуу Ата Мекендик согушта Орусиянын Ржев шаарында окко учкан. Тасманын 1-бөлүгү өзү курман болгон шаарда, ал эми 2-бөлүгү Кыргызстанда тартылуусу күтүлүүдө. Көгүлтүр экрандагы ачуу тагдыр 2026-жылдын күз айларында көрүүчүлөрдүн сынына чыгат. Аталган долбоорду УКМК төрагасы колдоого алганы айтылууда.
Мендеш Өмүралиев 1942-жылы Ржевдеги салгылашууда баатырларча курман болгон. Анын сөөгү 2016-жылы табылып, өзү туулуп өскөн Талас облусуна алынып келинген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Ысык-Көлдө жер титиреди

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн саат 05:31де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 2,5 баллга (Бедел айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Кумтөр ишканасынан 70 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 125 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилди. […]

Сизге жагышы мүмкүн