Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашымова Бириккен улуттар уюмунун трибунасында англис тилинде сөз сүйлөп, кыргыз айымдарынын билимдүү экендигин дүйнө жүзүнө тастыктады. Ал
“Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги бар экендиги жөнүндө;
– Жоолукчан айымдарга карата жасалган дискриминацияларды жоюу жолдору жана айымдарды IT, илим, технология жаатына алып келүү жолдору жөнүндө;
– Мектептерде жана расмий мекемелерде жоолукчан айымдар жана кыздарга кысым көрсөтпөө зарылчылыгы жөнүндө;
– Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы кескин чаралар колдонуу ж.б.у.с темаларга токтолдум” – деп жазган өздүк баракчасында.