“Кыргызфармация” ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

Автор

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Каражат министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу каралган.

 

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда Саламаттык сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. Буга “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен каражат бөлүнбөгөндүгү себеп болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйү убактылуу жабылды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы перинаталдык борбордун имаратын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө кошуу максатында жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу ушул жылдын 6-августуна чейин жабылат. Мындан улам […]

Сизге жагышы мүмкүн