Женева шаарында өткөн конференцияда Кыргызстан жакырчылык боюнча 32.8 пайыз менен КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 2 оорунда турат деп айтылды деп Конференцияга катышып келген депутат Шарапаткан Мажитова билдирди. Конференцияга Жогорку Кеңештин 2 депутаты барган. Алардын дагы бири Надира Нарматова “Борбор Азия боюнча координатору Рафик деген жигит айрым өлкөлөрдөн акча алат экен. Ошон үчүн кошуна мамлекеттерди утуру мактап, бизди жакыр, эч кандай аракет кылбаган өлкөлөрдүн катарына киргизип атты. Баягы эле мен күрөшүп жаткан НПО лор экен”,- деди комититет жыйынына келген Акылбек Жапаровго түшүндүрмө берип жатып.