Кыргызстан келерки жылы ички каттамдар үчүн төрт учак сатып алат. Билет баасы арзан, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 7 облусту байланыштырган аба каттамын жандандыруу боюнча иш кызуу жүрүп жатат.
“Анын алкагында, “Нарын”, “Казарман”, “Талас”, “Жалал-Абад” жана “Кербен” аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальттоо иштери жүрүп, иштер дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды”, – деп айтылат маалыматта.