Кыргызстан 13.8 тонна алтын сатты

Автор

Кыргызстан 2024-жылдын 10 айында сырткы өлкөлөргө 14 тоннага жакын алтын сатты. Анын суммасы 91 млрд 884 млн 391 миң сом, же болбосо, 1 млрд 064,4 млн доллар болду.
Алтын өткөн жылдарга салыштырмалуу 7 пайызга көп сатылганын, ал эми андан түшкөн киреше 32 пайызга көп болгонун Улуттук статистика комитети маалымдады.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан Англияга 11 тонна, Кытайга 1,8 тонна, Швейцарияга 0,9 тонна, жана Бириккен Араб Эмирликтерине 14 кг алтын экспорттогон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда 11-12-декабрь күндөрү электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, кыштын келишим менен абанын температурасы төмөндөгөндүгүнө байланыштуу калк электр энергиясын ченемден ашык колдонууга өттү. Алсак, кечээги күнгө алынган маалымат боюнча, 3 612 МВт кубаттуулукта электр энергиясы сарпталып, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 млн […]

Сизге жагышы мүмкүн