Кыргызстан-Өзбекстан футбол беттешинде коомдук тартипти 3 миңдей милиционер камсыздайт

Автор

Бишкекте өтө турган футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде 3 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күйөрмандар стадионго кирерде коопсуздук чараларынын алкагында текшерүүдөн өтүшөт. Мындан улам кезекке турууну түшүнүү менен кабыл алып, стадионго беттеш башталганга эки саат калганда келүү керектиги айтылды.
Ошондой эле стадиондун аймагына айнек жана желим буюмдарды, пиротехникалык каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.
Эске салсак, оюн эртең, 10-сентябрда кечки саат 20:00дө Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарында гранттын эсебинен 26 долбоор каржыланды

2024-жылдын 8 айына карата Нарын облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 21,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул суммага 26 долбоор каржыланды: Кочкор району 8 объектиге 6,8 млн сом; Нарын районунун 3 объектисине 2,1 млн сом; Ат-Башы району 8 объектиге 5,2 млн сом; Ак-Тала району […]

Сизге жагышы мүмкүн