Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат

Автор

Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Берлинде “Airbus Europe” компаниясынын жетекчиси Йохан Пелиссье менен жолугушканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учактар Европага, анын ичинде Бишкек-Париж, Бишкек-Берлин жана Бишкек-Лондон багыттары боюнча каттамдарды аткаруу үчүн колдонулат.
Баарлашуунун жүрүшүндө президент Кыргызстандын “Airbus” менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгына токтолду.
Садыр Жапаров келерки жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинен (EU Air Safety List – Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча тизмеси) чыгарылышы күтүлүп жатканын айтты. Бул тизмеден чыгуу Европага түз каттамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Эксплуатация ийгиликтүү аяктаса экинчи фазада “Airbus” менен биргеликте авиапаркты андан ары кеңейтүү пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Мурдагы футболчу Грузиянын президенти болот

Мындай маалыматты “Грузин кыялы” партиясынын ардактуу төрагасы Бидзина Иванишвили билдирди. Ал мурдагы футболчу Михаил Кавелашвили. Партия аны грузияны башкаруу үчүн талапкерликке көрсөтөт. Кавелашвили 2016-жылкы шайлоодо башкаруучу партиянын депутаты болгон. Кийин фракциядан кетип, “Элдик күч” саясий тобун жетектеген. Булар “салттуу баалуулуктарды” колдоо менен “чет элдик агент”, ЛГБТны чектөө мыйзамдарынын ишке ашырылышын […]

Сизге жагышы мүмкүн