Кыргызстан футбол боюнча Азия кубогун өткөрөбү?

Автор

Кыргыз футбол биримдиги 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында Азия кубогун өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган Биримдиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азия футбол конфедерацисынын (АФК) акыркы чечимине ылайык, 2025-жылдан тарта U-17 жаш командалары арасында Азия чемпионаттары жыл сайын өткөрүлөт. Мындан улам, мелдешти өткөрүү үчүн тандалган ассоциация үч жыл катары менен – 2026, 2027 жана 2028-жылдары өспүрүмдөр арасындагы жана кыздар арасындагы Азия кубогун өткөрүүгө тийиш.
Учурда Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы футбол объектилери мындай деңгээлдеги континенталдык турнирлерди ийгиликтүү өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз футбол биримдиги эл аралык турнирлерди уюштурууну жакшыртуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет.
Тиешелүү арыз 4-декабрга чейин Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө улуттук суу форуму өтүүдө

Бүгүн, 29-ноябрда Ысык-Көлдө климаттын өзгөрүү шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана Ысык-Көлдү сактоого арналган улуттук суу форуму өтүүдө. Форум Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен уюштурулду. Форумдун максаты — Кыргызстандын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүү шарттарында Ысык-Көлдү сактоо. […]

Сизге жагышы мүмкүн