Кыргызстан Түркияга жаңгак экспорттойт

Автор

Кыргызстан Түркияга 400 тонна кыргыз жаңгагын экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыгында жетишилди.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда , түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда экспорт болууга даярдалууда.
Белгилей кетсек, отурумдун ишине КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Түркия палаталар жана Биржалар ассоциациясынын президенти Рыфат Хисаржыколу жана эки өлкөнүн ишкерлери катышты.
Жыйындын күн тартибине экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери кирген.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган Комиссиянын жыйынынын Протоколуна, Эл аралык унаа жолдору боюнча Макулдашууга жана Экспорт тармагында Меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдардын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялоо боюнча мыйзам кабыл алынды

Францияда жашы жете электердин сүрөтү боюнча мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык ата-энелер балдардын сүрөттөрүн бири-биринин макулдугу менен гана Интернетке чыгара алышат. Эгерде талаш-тартыштар келип чыкса, сот аларды жарыялоого тыюу салышы мүмкүн. Статистикага ылайык, өспүрүм куракка чейин үй-бүлөсү жана достору баланын сүрөттөрүн Интернетке 1300 жолу чыгарышат. Зыянсыз көрүнгөн бул иш оор […]

Сизге жагышы мүмкүн