“Кыргызстан -Таиланд” беттеши: Атаандаштардын абалы кандай?

Автор

Эртең, 16-январда 2023-жылкы футбол боюнча Азия Кубогунун “F” тайпасында “Таиланд-Кыргызстан” беттешет.
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнирдин алкагында “Ак шумкарлар” өз тайпасында кез келчү алгачкы Таиланд командасы өз тарыхында Азия Кубогунда жети жолу ойногон.
Кыргызстан жана Таиланд Улуттук курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш тарыхта бир гана жолу – 2001-жылы өткөн. Аталган жылдын 30 январында орун алган оюнда атаандаштар өз үйүндө 3-1 эсеби менен биздин курамабызды жеңип алган.
Атаандаштар тууралуу дагы эмнелер белгилүү?
ФИФАнын дүйнөлүк рейтинги боюнча Таиланд курамасы 113-орунду ээлеп келет;
Азия Кубогун Таиланд 1972-жылы кабыл алып, анда команда 3-орунду ээлеп, өзүнүн эң мыкты көрсөткүчүнө жеткен;
Таиланд курамасы Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү арасында өткөрүлгөн АСEAN чемпионатын жети жолку чемпиону аталган;
Команданын эң мыкты бомбардири жана оюндардын саны боюнча рекордчусу Киатисак Сенамуанг болуп саналат. Ал 134 беттеш өткөрүп, 71 гол киргизген.
Учурда Таиланд курамасын жапониялык адис Иши Масадата жетектейт, ал башкы машыктыруучу кызматына өткөн жылдын ноябрь айында дайындалган. Бирок, ага чейин адис кураманын техникалык директору болуп эмгектенип келген.
Катардагы Азия биринчилигине даярдыгынын алкагында таиландтыктар Японияга каршы расмий жолдоштук беттеш өткөрүп, анда 5:0 эсеби менен жеңилип калышкан.
Эске салсак, Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы желек, Ташов, Жамгырчиев, ККМ. Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин куруп, коомчулукта талкууга алынган жагдайлар туралуу суроолорго жооп берди. Төмөндө маектин толук текстин беребиз: — Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Салт болуп калгандай, коомчулуктагы актуалдуу суроолорубузду узатып, аларга жооп алсак. Кечээ жакында эле издөөдө жүргөн ишкер Имамидин Ташов бийликтегилерге оор айыптоолору менен катуу билдирүү жасады. […]

Сизге жагышы мүмкүн