“Кыргызстан -Таиланд”: Азия Кубогунда “Ак шумкарлар” ак түстөгү формада ойнойт

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2023-жылкы Азия Кубогунун “F” тайпадагы старттык Таиландка каршы оюнунда ак түстөгү формада ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
“Таиланд-Кыргызстан” оюну бүгүн, 16-январда “Абдулла бин Халифа” стадионунда өтөт. Беттеш жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.
“Ак шумкарларга” күйөрмандык кылам дегендер үчүн Бишкектеги “Азия Молл” (3-кабат) жана “Дордой Плаза” (1-кабат) соода борборлорунда атайын фан-зоналар уюштурулат.
Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстан кыргыз жаранына издөө жарыялады

Өзбекстан Республикасынын Фергона шаарынын ички иштер бөлүгү Имамидин Ташовго издөө жарыялады. Аталган ведомствонун жетекчиси полковник Д. И. Атаугиловдун кол койгон буйругуна ылайык, И. Ташов эми Өзбекстандын аймагында колго түшүрүлсө, камакка алынат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн