Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан казак элине гумжардам жөнөттү

Автор

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган.
Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет.
Эске салсак, Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей адам, анын ичинен 6 миң бала эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4 миңден ашуун жаран, 200дөй бала жайгашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бала күйүп калса, эмне кылуу керек?

Эгер бала күйүп калса, ушул кадамдарды аткарыңыз: 1. Адегенде аймакты коопсуздандырыңыз: мындан ары зыян келтирбөө үчүн баланы от же жылуулук булагынан алыс коопсуз жерге жылдырыңыз. 2. Күйүктү муздатыңыз: күйүктү муздак суу менен 10-20 мүнөт чайкаңыз. Бул ткандардын температурасын төмөндөтүүгө жана ооруну азайтууга жардам берет. Муз текчелерин же музду колдонбоңуз, анткени […]

Сизге жагышы мүмкүн