Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Автор

Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз элинин атынан гумжардамды жеткирүүдө өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырды.
Алгач министр Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан.
Өз кезегинде Палестинанын министри качкындардын лагеринде таза суу, тамак-аш жана дары-дармек тартыштыгы күч алганын билдирген.
ӨКМ Кыргызстандын атынан азык-түлүк, ичүүчү суу, төшөнчү жана бут кийим түрүндөгү 5,5 тонна гуманитардык жардамды Россиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 22-23-декабрь күндөрү жеткирди. Москва шаарынан учкан жүк ташуучу учак Газа тилкесине чектеш Египеттин аба майданына конуп, гумжардам Кызыл Жарым ай коомунун ыктыярчыларына тапшырылган.
Соңку маалыматтарга ылайык, Газага карата Израиль армиясынын абадагы жана жердеги куралдуу операцияларынан улам кеминде 23 миң адам каза таап, 57 миңден ашуун адам жаракат алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Володимир Зеленский АКШ кыянатчылык кылбайт деп ишенет

«Орус-Украина» согушуна 2 жыл болду. Мындан улам президент Володимир Зеленский калктын суроолоруна жооп берүү үчүн түз байланыш уюштурду. Ал Украина куралдуу күчтөрүнө 500 миң кошумча күч керек экенин билдирип, “эгер орток пикирге келе алсак, жеңиш биздики болот”,- деди. Ошондой эле Европа биримдигинен бөлүнгөн 50 млрд доллар Украинаны жеңиштин эшигине чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн