Кыргызстан-Оман беттеши тең чыгуу менен аяктады

Автор

Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча беттеши 1:1 эсеби менен аяктады.
Беттештин 19-мүнөтүндө кыргыз курамасынын футболчусу Элдияр Зарыпбеков атаадаштын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачкан. Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө омандыктар эсепти теңеди.
Мелдеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде өтүүдө.
Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу турунун алкагында оюн өткөрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

“Акшумкарлар” Азия кубогуна жолдомо утту

Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттеши аяктады. Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде болуп өттү. Оюн курамалардын 1:1 эсебинде тең чыгуусу менен аяктап, жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы 2027 Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады. Жыйынтыктоочу турнирдик […]

Сизге жагышы мүмкүн