Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат

Автор

1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышы башталат.

Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт?

31-августта кечки саат 19.00 до борбордук «Ала-Тоо» аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык концерт өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт: ЛЕНИН РАЙОНУ 2023-жылдын 31-августунда саат 10:00дө  «Ак-Өргө», «Арча-Бешик» жаңы конуштарында, Ю. Фучик атындагы сейил багында — аркан тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шашки […]

Сизге жагышы мүмкүн