Кыргызстан менен Түркия экстрадиция маселесин талкуулашты

Автор

Анкарада КР Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Түркиянын Юстиция министринин орун басары Хуршит Йылдырым өлкөлөр ортосундагы жарандык, коммерциялык жана кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуунун аткарылышын талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.
Жолугушууда эки мамлекеттин аймагындагы эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан соттолгондорду экстрадициялоо жана которуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эске сала кетсек, КР Юстиция министрлигинин 2024-жылдын май айына карата маалыматы боюнча Кыргызстандын 31 жараны Түркияда жазасын өтөп жатса, дагы 13ү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кызылчанын пайдалары

Кызылча – витаминдерге жана минералдарга бай жашылча. Ошону менен бирге көптөгөн пайдалуу касиеттерге ээ. Аш болумдуу заттар: Витаминдерди ( А, В тобу), минералдарды (калий, магний, темир) жана антиоксиданттарды камтыйт. Жүрөктүн ден-соолугун колдоо: Нитраттын курамына байланыштуу, бул басымды азайтууга жардам берет. Тамак сиңирүүнү жакшыртуу: Кызылча жипчелерге бай, алар дени сак сиңирүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн