Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүсүн $5 млрд жеткирүүнү көздөп жатат

Автор

Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүсүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россияга болгон расмий сапарынын алкагында бир нече жолугушуулар өткөрдү. Жол картасы кабыл алынып, товар жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына жеткирүү жана процедураларды жеңилдетүү боюнча бир катар чараларды көрүү тапшырмалары коюлду.
“Мындан тышкары маданий-гуманитардык, инвестициялык чөйрө багыттарындагы байланыштарды чыңдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. Алардын айрымдары кооперациялык долбоорлорду түзүү, өнөр жай кооперациялардагы долбоорлор аркылуу товар жүгүртүүнү жогорулатууга багытталган “, – деди ал.
Экономика жана коммерция министри белгилегендей, тараптар бардык тармактарда кызматташтыкты арттырууга макулдашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашууларда жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок

Бүгүн, 21-октябрда өлкөдөгү ашууларда жана жолдордо жол ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигиненбилдиришти. Маалымаатка ылайык, учурда Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Каттам бар. Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда. Министрликтен белгилешкендей, аймактарда […]

Сизге жагышы мүмкүн