Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү $313 млн түздү

Автор

2023-жылдын январь-августунда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 313 млн долларды түздү. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экспорт 61,6 млн доллар, импорт 251,5 млн доллар.

Экспорт:

– жемиштер – 23,8 млн доллар,

– балык – 12,3 млн доллар,

– жашылчалар – 9 млн доллар,

– сүт жана сүт азыктары – 5 млн доллар,

– дан эгиндеринен жасалган даяр азыктар – 5 млн доллар.

Импорт:

– дан эгиндери – 35,6 млн доллар,

– май жана жаныбарлардан алынган майлар – 28,8 млн доллар,

– дан эгиндеринен жасалган даяр азыктар – 28,3 млн доллар,

– жашылчалар – 11,1 млн доллар,

– алкоголдук жана алкоголсуз продукциялар – 13,9 млн доллар,

– сүт жана сүт азыктары – 8,7 млн доллар,

– эт жана эт азыктары – 7,5 млн доллар,

– кофе жана чай – 4,3 млн доллар.

Бөлүшүү:
Next Post

ЦУМда «бомба коюлду» деп жалган маалымат берген жаран кармалды

«Айчүрөк» соода борборунун имаратында жардыруучу зат бар деп жалган билдирүү жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 26-октябрда саат 11:59да социалдык тармактардагы баракчалардын бирине соода борборунун кызматкерлерине кайрылуу менен «Айчүрөк» соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн.  илдирүү ошол эле соода борборунун кызматкерлерине […]

Сизге жагышы мүмкүн