Орус өкмөтү Кыргызстан менен Орусия абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндөгү макулдашууну Мамлекеттик Думага жана Федерация Кеңешине ратификациялоо үчүн президенттин кароосуна жөнөттү. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жарыялашты.
Биргеликте абадан коргонуу системасын түзүү боюнча келишимди Орусиянын өкмөтү 2022-жылдын 16-августунда жактырган. Эми Владимир Путин Мамлекеттик Думага документти сунуштап, ал парламентте көпчүлүк колдоого ээ болушу керек.