Кыргызстан менен Монголиянын парламент төрагаларынын жолугушуусу өттү

Автор

Жогорку Кеңештин төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Алгач парламент төрагалары тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулашты.
Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз менен монгол калкын бүгүнкү экономикалык-социалдык кызматташтык гана байланыштырбастан, узак жылдарды камтыган көчмөн турмушка тиешелүү тарыхый-маданий алакалар жакындатып турарын белгиледи.
“Акыркы жылдары кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүп келет. Кыргызстандын өлкө башчысы өткөн жылы Монголияга расмий иш сапары менен барып, мамлекеттер аралык мамилелерди тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлган. Түрдүү тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга жетишилип, Монголияда Кыргыз Республикасынын элчилиги да ачылган”, – деди.
Ошондой эле парламенттер аралык алакалар тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев: “Жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң. Андыктан бул жаатта жигердүү иш алып баруубуз кажет. Азыркы тапта Жогорку Кеңеште Монголия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу түзүлгөн. Мындан сырткары, тармактык комитеттердин жана парламенттин аппараттарынын ортосундагы өнөктөштүктү да өнүктүрүшүбүз керек. Сиздин бүгүнкү расмий сапарыңыз мындан аркы алакаларды арттырууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.
Жолугушууда соода-экономикалык байланыштар тууралуу да айтылып: “Кыргыз тарап тоо-кен өнөр жайы, текстиль жана тигүү тармагы, мал чарбачылыгы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. Айрыкча биз Монголияга Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүүбүз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасы тарыхый жана маданий мурастарды өз ара изилдөө боюнча тажрыйбаны жигердүү ишке ашыруу демилгесин көтөрдү.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО менен Евробиримдик Украинага аскерлерин жөнөтөбү?

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо НАТО жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү Украинанын аймагына аскерлерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу карап жатканын айтты. Словакия өкмөт башчысынын айтымында, мындай чечим жаңжалдагы чыңалуунун олуттуу күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Фицонун айтымында, Батыш мамлекеттеринин тобу эки тараптуу келишимдердин алкагында Украинага өз аскерлерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул идея Европа […]

Сизге жагышы мүмкүн