Кыргызстан менен Катар беттешин сингапурлук калыстар тейлейт

Автор

Эртең, 10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Оюндун калыстар бригадасын сингапурлук ФИФА калысы Мухаммад Бин Жахари жетектейт. Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери – Абдул Бин Абдул Хасим жана Энди Минт Лант жардам беришет. Ал эми малайзиялык Сухаизи Бин Шукри резервдик арбитр болуп дайындалган.
VAR-системасында япониялык адис Ийда Жумпей иштеп, ага кытайлык Фу Минг жардам берет.
Белгиленгендей,беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэри жол кирени көтөрүү боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө жол кирени көтөрүү сунушу боюнча маалымат берди. Ал Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып, коомдук транспорттун айдоочулары накталай төлөнгөн жол кирени өздөрүнө алып калып жаткандыктан ушундай демилге көтөрүлгөнүн айтты. “Биринчиден, накталай эмес […]

Сизге жагышы мүмкүн