Кыргызстан менен Австриянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Александер Ван дер Беллен өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү туруктуу диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мамлекет башчысы австриялык кесиптешине Австрияга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы тогуз жылда биринчи жолу болуп жаткан бул сапар кыргыз-австриялык мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого маанилүү кадам болоорун айтты.
Президент эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн Кыргызстан активдүү кызматташууга даяр экенин ырастады.
Президент Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр кыргыз-австриялык мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берип, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.
Тет-а-тет форматында жолугушуу аяктагандан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусу менен сүйлөшүүлөр кеңири курамда улантылды.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн