Кыргызстан-Малайзия беттеши тең чыгуу менен аяктады

Автор

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши 1:1 эсебинде аяктады.
Оюндун биринчи таймында Кыргызстан үчүн алгачкы голду 24-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. Тилекке каршы 38-мүнөттө Кыргызстандын дарбазасына автогол кирип, эсеп теңелди.
Оюндун экинчи бөлүгүндө гол кирген жок. Оюнга президент Садыр Жапаров жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев күйөрмандык кылышты. Беттешти 15 миңге жакын күйөрман кыргыз футболчуларын сүрөөгө келишкен.
Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйылкы "Алтын топтун" жаңы ээси качан аныкталары айтылды

2024-жылкы “Алтын топтун” жаңы ээси качан аныкталары белгилүү болду. France Football журналынын версиясы боюнча 2024-жылдын эң мыкты футболчусуна сыйлык тапшыруу аземи 28-октябрда Париждеги Chatelet театрында өтөт. Талапкерлер 4-сентябрда жарыяланат. Жалпысынан 10 номинация көрсөтүлөт. Акыркы абройлуу сыйлык Лионель Мессиге ыйгарылган. Бул аргентиналык чабуулчу үчүн сегизинчи болду (2009, 2010, 2011, 2012, 2015, […]

Сизге жагышы мүмкүн