Кыргызстан – Малайзия беттеши. Коопсуздукту 2 миңден ашык милиция камсыздайт

Автор

Кыргызстан-Малайзия беттеши учурунда коопсуздукту камсыздоо үчүн борбор гарнизондун 2600 кызматкери тартылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун 5-турунун оюндары өтөт.
“Урматтуу күйөрмандар! Борбор калаанын ички иштер башкармалыгы коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузбоого чакырат. Стадионго тыюу салынган буюмдарды алып кирбөөнү суранабыз», – деп айтылат билдирүүдө.
ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору саат 14:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин айрым көчөлөрдү жабат.
Төмөнкү көчөлөрдүн тилкелери жабылат:
– Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
– Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жыл башынан бери пенсияга 36 млрд сом каржыланды

2024-жылдын январь-май айында пенсияга 36 млрд 61 млн 285 миң 328 сом каржыланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирет. Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн: Бишкек шаары – 5 млрд 940 млн 908 миң 566 сом; Чүй облусу – 5 млрд 426 млн 142 миң 191 сом; Нарын облусу […]

Сизге жагышы мүмкүн