Кыргызстан кышында канча электр энергиясын керектейт?

Автор

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 12,1 млрд килоВатт/саат электр энергиясын колдонууну пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, керектелүүчү электр энергиясынын 90%ы гидроэлектр станциялардан иштелип чыгат.
“2023-жылга 12,1 млрд килоВатт/саат керектөө пландалууда. Анын 11 млрд 900 млн килоВатт/сааты 1-ноябрга чейин өндүрулүп чыкты, 1,9 млрд киловатт/саат Жылуулук электр борборунан өндүрүлөт. Бүгүнкү күндө ЖЭБге 2023-2024-жылга карата 650 миң тонна көмүр топтоо пландаштырылган. Казакстандын “Гефес” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түзгөнбүз. Бүгүнкү күнгө карата көмүр графикке ылайык ташылып келүүдө, кечигүүлөр жок”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Адам үч жолу өлөт

Адам канча жолу өлөт? – деп сурашыптыр бир даанышмандан. -Үч жолу өлөт. Биринчи жолу ар-намысын жоготкондо,-деп жооп бериптир. -Андан кийинчи? -Экинчи жолу өмүр-суусу түгөнүп, жүрөгү токтоп калганда өлөт,-дептир. -Үчүнчү жолу болсо: – Артында баскан изи жоголуп, аны жер үстүндө бир дагы адам эстебей калганда биротоло өлөт, -деп жооп бериптир. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн