Кыргызстан курамасы Катарга 3:1 эсебинде утулуп калды

Автор

2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында өтүп жаткан Катар – Кыргызстан беттешинде “Ак шумкарлар” 3:1 эсебинде утулуп калышты.
Беттештин 1-бөлүгүнүн 39-мүнөтүндө эсеп ачылып, катарлык оюнчу А.Али гол киргизген. Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде аяктаган.
Ал эми экинчи таймда эсеп 3:1 менен катарлыктардын пайдасына оюн жыйынтыкталды.
Оюн Доханын 44 миң көрүүчү баткан “Аль-Тумама” стадионунда өттү.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн 3-раунддагы тандоо оюндарында А тобуна Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен бөлүнгөн.
Эске сала кетсек, 15-октябрда Кыргыз курама командасы өз талаасында Түндүк Корея менен Бишкекте беттешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга кетти. Коштоп кеткендер

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Расмий делегациянын курамында: — Тышкы иштер министри […]

Сизге жагышы мүмкүн