Кыргызстан Катар жана Түндүк Корея менен ойнойт. Кеңейтилген тизме

Автор

Кыргыз футбол биримдиги дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына даярдык көрүү үчүн машыгууларга чакырылган спортчулардын тизмесин жарыялады.
Машыгууларга жалпы 30 оюнчу чакырылып, кеңейтилген тизмеге кирген. Алар Сауд Арабиянын Жидда шаарында октябрда өтө турган эки беттешке даярданат: Кыргызстан 10-октябрда Катар менен конокто жана 15-октябрда Түндүк Корея менен Бишкекте ойнойт. Машыгуулар 3-октябрдан 8-октябрга чейин уланып, анын жыйынтыгы менен 23 оюнчу тандалып алып, соңку тизмеге кирет.
Кеңейтилген тизме:
Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Курманбек Нурланбеков, Марсел Исламкулов
Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Християн Браузман, Александр Мищенко, Улан Сулайманов, Саид Дациев, Арслан Бекбердинов, Бектур Амангелдиев
Жарым коргоочулар: Алимардон Шүкүров, Элдияр Зарыпбеков, Кай Мерк, Эрмек Кенжебаев, Одилжон Абдурахманов, Муролимжон Ахмедов, Эрбол Атабаев, Магамед Узденов, Сүйүнтбек Мамыралиев, Нурбол Бактыбаев, Нурлан Сарыкбаев
Чабуулчулар: Бекназ Алмазбеков, Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Жоел Кожо, Атай Жумашев, Кайрат Жыргалбек уулу, Алишер Усубалиев.
Эскерте кетсек, Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында буга чейин Кыргызстан 2 беттеш өткөрдү. Эки оюнда тең жеңилип, бир да упай ала элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Таймурас, уулу Рустам тууралуу айтылган кептерге жооп берди

Учурда өлкө аймагында жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Анын ичинде Өзгөндөгү айланма жолдун курулушу дагы уланып жатат. Айрым оппозициячыл журналисттер аталган жолдун курулушуна УКМК төрагасынын уулунун атын аралаштырууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, пикирин укту. Маекти толугу менен сунуштайбыз: — Саламатсызбы? Салтка айланып калгандай актуалдуу темалар боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн