Кыргызстан Казакстандын көк пар жана көк бөрү боюнча курамасын 1-ноябрда беттешүүгө чакырды

Автор

Кыргызстандын көк бөрү федерациясы Казакстандын көк пар жана көк бөрү боюнча курама командаларын Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-ноябрда өтө турган «Биримдик» кубогуна чакырды.
Кыргызстандын Көк Бөрү федерациясы «Биримдик» кубогуна арналган беттешке Казак улакчыларын чакырып, расмий кат жөнөттү.
Федерация 8-сентябрда бүткүл дүйнөлүк Кокпар ассоциациясы менен Эл аралык Көкбөрү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгын жана анда тараптар ассоциация мүчөлөрү болуп саналган курама командалардын ортосунда эл аралык мелдештерди өткөрүүгө макулдашышкандыгын билдирди.
Ал эми 1-ноябрда Ысык-Көлдө өтө турган мелдеш макулдашуулардын биринчи этабы болуп саналат.
Федерация мындай турнирлерди тез-тез өткөрүп туруу бардык пайда болгон пикир келишпестиктерди жоюуга жана федерациялар ортосунда 8 жылдан бери жоголгон достук мамилелерди калыбына келтирүүгө жардам берет деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Германия Өзбекстан менен миграция жаатында келишим түздү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Германиянын канцлери Олаф Шольц миграция боюнча келишимге кол коюшту. Кол коюу 15-сентябрда Самарканддагы сүйлөшүүлөр учурунда болду. Миграция боюнча келишим Германияга квалификациялуу жумушчулардын, айрыкча саламаттыкты сактоо тармагындагы адистердин кирүүсүн жеңилдетүүгө, Германияда калууга укугу жок өзбектерди кайтарууга багытталган. Жалпысынан Германияда 13,7 миң өзбек жашайт. Шольц Өзбекстанга эки […]

Сизге жагышы мүмкүн