Кыргызстан -Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт

Автор

Кыргызстан -Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт
5-сентябрда Ала-Тоо аянтында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев социалдык тамактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, оюн саат 22:00дө башталат. Ал эми Ала-Тоо аянтында ачылган фан-зоонада конокторго шоу-программа, сынактар жана белектер тартууланат.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын «Азия» зонасы боюнча тандоо этабынын 3-туруна чыкты. 5-сентябрда Кыргызстан курамасы конокто Иран курама командасы менен беттешсе, 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстанды кабыл алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерге 50 автобус берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу […]

Сизге жагышы мүмкүн