Кыргызстан быйыл канча алтын экспорттоду?

Автор

Кыргызстан 2024-жылдын январь-апрель айларында алдын ала маалымат боюнча 212,2 млн долларга 3121,7 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.
Документтердеги маалыматка караганда, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстандан 1411,2 килограмм алтын экспорттолгон.
Бул аралыкта алтын төмөнкү өлкөлөргө сатылган:
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 1422 кг;
Швейцария — 971,5 килограммага жакын;
Улуу Британия — 714,6 килограмм;
Бириккен Араб Эмираттары — 13,5 килограммдан ашык.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте өрт чыгып, 30 адам эвакуацияланды

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 30 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды. Өрт сарайдан […]

Сизге жагышы мүмкүн