Кыргызстан БРИКС оюндарында 51 медаль утту

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 12-23-июнь күндөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн БРИКС эл аралык спорттук оюндарында Кыргызстандын курама командасы 5

1 медаль (2 алтын, 11 күмүш, 38 коло) жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеште 100дөн ашык спортчу 14 спорттун түрүнөн (ушу-саньда, ушу таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, кураш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис) өлкө намысын коргоду.
Медалдык эсеп боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи.
Ал эми 1-орунга Россия (262 алтын, 141 күмүш, 99 коло), 2-орунга Беларусь (55 алтын, 85 күмүш, 107 коло) жана 3-орунга Кытай (20 алтын, 24 күмүш, 18 коло) татыды.
Эске салсак, эл аралык мелдешке жалпы 90 мамлекеттен 4751 спортчу катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Индиянын премьер-министри Москвага келери белгилүү болду

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 8-июлда Москвага бир күндүк сапар менен барат. Бул Индия менен Россиянын кызматташтыгын баса белгилейт. “Модинин сапары маанилүү, анткени бул өзгөчө визит. Ал премьер-министр болуп үчүнчү мөөнөткө келгенден көп өтпөй жана Россиянын президенти Владимир Путин бешинчи жолу шайланган соң болгону жатат”,-деп жазат Tribune India басылмасы. 9-июнда Нарендра Моди үчүнчү […]

Сизге жагышы мүмкүн