Кыргызстан алты араб өлкөлөрүнө визасыз режимди киргизет

Автор

Кыргызстан алты араб өлкөлөрү үчүн 2025-жылдын 4-январынан тарта визасыз режимди киргизет. Аталган өлкөлөрдөн келген туристтер Кыргызстандын аймагында 180 күн уруксат берүүчү документтерди албастан жүрө алат.
Алар:
Сауд Арабия;
Бириккен Араб Эмираттары;
Катар;
Кувейт;
Оман;
Бахрейн.
Ал эми башка максат менен кирген учурда (иштөө, окуу) виза талап кылынат. Бул чаралар туристтик агымды жана инвестициялык, ишкердик шарттарды жакшыртууга багытталган.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев аты-жөнүн өзгөртө турганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 2025-жылы фамилиясын алмаштыра турганын бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жыйында фамилияны тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча сунуш каралып жатат. «Жаңы жылдан баштап Нурлан Тургунбекович болбойм, мен Нурлан Тургунбек уулу болом»,- деди ал. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн