Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама командасы дүйнө чепионатында 5 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында 5 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене трабия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 21-23-июнь күндөрү Татарстандын Казань шаарында болуп өттү.
Акыл Сагынбеков (70 кг) жана Турдукул Абдырхманов (100 кг) алтын медалга ээ болсо, Күмүшбек Кыдыралиев (+100 кг) 2-орунга татыды. Жекшенбек Турдубеков (60 кг) жана Ислам Бердибек уулу (90 кг) коло медаль тагынышты.
Курама команда башкы машыктыруучу Нурлан Турдубаев жана улук машыктыруучу Кубаныч Изабаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Батыш саясатчылары аны түшүнбөй жатканын айтты

Россиянын президенти Владимир Путин Украина боюнча сунуштарын Батыш саясатчылары түшүнбөй жатканын билдирди. Анын айтымында, бул сунуштарда чындап эле кагылышууну токтотуу каралган. Бирок Батыш саясатчылары бул сунуштардын маңызын түшүнүүгө аракет кылышкан эмес. Бул тууралуу Путин Москвадагы «Примаков окулуулары» форумунун катышуучуларына кайрылуусунда билдирди. 14-июнда Владимир Путин Украинадагы согуш аракеттерин токтотуу шарттарын атады. […]

Сизге жагышы мүмкүн