Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы (U23) Иордания Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда кыргыз балбандары 7 медаль утушкан. Анын ичинен 3 — алтын, 1 — күмүш жана 3 — коло.
Азия чемпиону наамын Абдымалик Карачев (57 кг), Билол Шарип уулу (65 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) ээлесе, Стамбул Жаныбек уулу (92 кг) күмүш медаль утту. Ал эми Юхан Доктурбек уулу (61 кг), Канат Керимбеков (70 кг) жана Бекзат Рахимов (86 кг) коло байгеге татышты.
Курама команда 157 упай менен 3-орунду багындырса, 177 упай менен коңшу Казакстан командасы 2-орунга чыкты. Биринчи орунду 194 упай менен Индия курамы ээледи.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун башкы катчысы Газадагы жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гуттериш Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Газадагы жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында Газадагы каралдуу жаңжалга тыкыр иликтөө жүргүзүү керек. Газада армия жок, бирок ал жакта мезгил-мезгили менен чоң жоготуулар жана кыйроолорго алып келген бомбалоолор жүргүзүлүп жатат. “Буга чекит коюлушу керек. Ушул себептен […]

Сизге жагышы мүмкүн