Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Элчини Кыргызстан аркылуу Россияга кош максатта колдонула турган буюмдарды жана курал жасоодо колдонула турган жогорку технологиялык компоненттерди жеткирүү маселеси боюнча түшүндүрмө алуу максатында чакырышкан.
20-июлда АКШнын Каржы министрлиги санкцияланган товарлардын Россияга жеткирилишине байланыштуу кыргызстандык RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн”компанияларына санкция жарыялады.
18-июлда “The Washington Post” гезити АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын Россияга санкцияланган товарлардын жеткирилишине жол бербөө үчүн Кыргызстанга каршы экономикалык чараларды көрүү планы тууралуу жазган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул маселе боюнча түшүндүрмөсүндө келечекте санкцияланган товарларды чек арадан өткөрбөө үчүн чаралар көрүлөрүн айткан.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети санкцияланган товарларды реэкспорттоо менен алектенген ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча иликтөө башталганын жарыялаган.