Кыргызстандын чемпионатында 2024-жылы 14 команда ойнойт

Автор

«Кыргыз профессионалдык футбол лигасы» (КПФЛ) юридикалык жактар бирикмесинин мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы жыйыны өттү.
Жыйынга КФБнын Вице-президенти Конокбаев Дастанбек Турсуналиевич, КФБнын Башкы катчысы Сыдыков Медербек Абдыкалыкович, КПФЛдин Вице-президенти Садыралиев Ильгиз Кадыралиевич, аткаруучу директору Асенов Канат Елемесович, КПФЛдин клубдарынын жетекчилери, кызматкерлери жана ага мүчө болууга талапкер клубдардын жетекчилери катышты.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды: КПФЛге жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу, өткөн сезон боюнча отчет жана 2025-жылга пландарды сунуштоо.
Жалпы жыйындын бир добуштуу чечими менен КПФЛге 4 жаңы клуб: «Азиагол» (Бишкек), «Барс» (Каракол), «Бишкек сити» (Бишкек) жана «Өзгөн» (Өзгөн) клубдары кабыл алынды. Ошентип, 2025-жылдагы Кыргыз Республикасындагы Премьер-Лига командаларынын чемпионатына 14 клуб катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров: "Эгер чет өлкөдөгү кожоюндары "өлгүлө" дешсе, өлүшөт"

Президент Садыр Жапаров сырттан каржыланган бир катар басылмалардын атын атап, аларды Курултайга чакыргандарын бирок, келишпегенин билдирди. “Азаттык” радиосу Прагадан уруксат алыш керек экен. Уруксат бербептир. “Кактустан” Дина Маслова келбей турган болуптур. “Политклиника” айылда экен, бүгүн деле келе берсе болмок. Баары качышты. Мына көрдүңөрбү, сөз эркиндиги жок деген журналисттердин өздөрүнүн эркиндиги […]

Сизге жагышы мүмкүн