Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогунда ойнойт

Автор

Бүгүн, 18-апрелде Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогундагы оюндарга катышатт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, күн мурун “Бангкок Арена” стадионунда спортчулардын расмий машыгуулары болду.
Азия кубогу – 2024 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтөт. Тайпалык баскычта кыргызстандык футзалчылар Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен кездешет.
Кыргызстандык футзалчылардын старттык беттеши эртең япониялыктарга каршы өтөт. Оюн “Бангкок Аренада” өтөт.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Камчыбек Ташиев өз сөзүндө президенттин тапшырмасы менен ушул сыяктуу курулуштар, аскерлердин жашоо-шартын, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо аракеттери мындан ары да уланарын билдирди. “Ошол эле учурда аскерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлөт. Өз […]

Сизге жагышы мүмкүн