Испаниялык адис Луис Бернат Молина Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы машыктыруучу жана Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков эмгек келишимге кол коюшту.
Улуттук III даражадасындагы футзал боюнча машыктыруучулук лицензиясынын (RFEF) ээси Луис Бернат Молина 46 жашта.
Башкы машыктыруучу кызматындагы иш тажрыйбасы:
2015-2016 – «Нант Эрдре» МФК (Франция)
2016-2018 – «Тулон» МФК (Франция)
2018-2019 – Вьетнам жана Таиланд жаштар улуттук курамалары
2019-2022: «Пескадола Мачида» МФК (Жапония)
2022-2023 – «Блювейф Чонбури» МФК (Таиланд)
Белгилей кетсек, команданын мурунку башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жана анын жардамчылары жаңы машыктыруучулар штабынын курамына киришет.