Кыргызстандын футбол федерациясы World Boxing уюмуна мүчө болду

Автор

Кыргызстандын улуттук футбол федерациясы World Boxing уюмуна расмий түрдө кошулду. Бул тууралуу World Boxing уюмунун басма сөз кызматы билдирди.
Уюмдун маалыматына ылайык, алар Кыргызстандан сырткары дагы Андорра, Бельгия, Ирак, Литва, Мадагаскар жана Тайланддагы бокс боюнча улуттук федерацияларынын жети арызын жактырган.
Бардык өтүнмөлөр Бүткүл дүйнөлүк бокс Аткаруу кеңеши тарабынан жактырылып, азыркы учурда World Boxing уюмуна мүчө болгон улуттук федерациялардын саны 51ге көбөйдү.
Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун президенти Борис ван дер Ворстанын айтымында, аталган уюмга 51 улуттук федерациянын кошулушу чоң маанини берет.
“Бул эл аралык бокста өзгөрүүгө болгон умтулуунун да, ошондой эле көптөгөн улуттук федерациялар тарабынан бокс мындан ары да Олимпиада оюндарынын бир бөлүгү болуп кала бериши керектигин кеңири тааныганынын күчтүү далили”, — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Азимбек Бекназаров 2-январга чейин камакта калды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди. 2024-жылдын 12-сентябрында Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча кылмышка шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. УКМКнын маалыматына караганда, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсүнө […]

Сизге жагышы мүмкүн