Кыргыз Республикасынын Кубогу боюнча футболдук мелдеш Ош шаарында болуп өттү. 6 жылдан кийин кайрадан жеңишти камсыздаган “Алай” командасы Кыргызстандын суперкубогун колго алды. Жеңүүчүлөрдү куттуктап сөз сүйлөгөн Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жаштарды спортко жана дени сак жашоого үндөп, улуттун келечеги билимдүү жана сергек коомго көз каранды экендигин билдирди.