KFU Football Awards – өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи өткөрөт. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасынын футбол боюнча мыкты калысы» наамы үчүн төмөндөгүлөр ат салышууда:
Эрлан Осмонов – Биринчи категориядагы калыс
Вероника Бернацкая – ФИФА калысы
Нурзат Абдыкадыров – ФИФА калысы
Салтанаттуу азем 10-декабрда орун алат. Аземди Кыргыз Спорт ТВ каналы түз алып берет.