KFU Football Awards – өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи өткөрөт. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда «Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын мыкты жаш оюнчусу» наамы үчүн төмөндөгүлөр ат салышууда:
Эрбол Абдужапаров – «Абдыш-Ата» футболдук клубунун чабуулчусу
Эрмек Кенжебаев – Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын жана «Славия Мозырь» (Беларусь) футболдук клубунун жарым коргоочусу
Ырыскелди Маданов – Кыргыз Республикасынын U-20 жаштар курама командасынын жана «Илбирс» футболдук клубунун чабуулчусу
Салтанаттуу азем 10-декабрда орун алат. Аземди Кыргыз Спорт ТВ каналы түз алып берет.