Бишкектин Д.Өмүрзаков стадионунда Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы алгачкы беттешинде Мьянмага каршы кез келди.
Беттештин алгачкы бөлүгүнүн 17 мүнөтүндө эсеп санын Байбол Эрмеков ачты. Ал эми 37-мүнөттө Ырыскелди Маданов дагы бир гол киргизип командасын алдыга алып чыкты.
Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын курамасы 2:0 оюнду жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, ушул эле тайпада Япония менен Түркмөнстан ойноп, жапондор да 2:0 эсебинде атаандашын жеңген. 27-сентябрда Кыргызстан Түркмөнстан менен ойнойт.