Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

Автор

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан – Түркмөнстан футбол боюнча жаштар курама командаларынын беттеши жыйынтыкталды. Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди.
Беттештин экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу гол киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш. 29-сентябрда жаштар курама командасы тайпадагы акыркы оюнда Япониянын курамасы менен кез келет.
Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарында "Түштүк ЭКСПО-2024" көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында VIII эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2024” жана IV эл аралык “Кыргызстан Улуу Жибек жолунда” туристтик көргөзмө-жарманкелери уланууда. Жыл сайын өтүүчү көргөзмөгө Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Монголия, Казакстан, Венгрия, Орусия сыяктуу 8 мамлекеттерден бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жеке ишкерлер катышты. […]

Сизге жагышы мүмкүн